Бүгүн, 8-январда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузуп жаткандыгы тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Андагы маалыматта «Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Матраимовдун үйүнүн тосмосунун 9 метри муниципалдык жерге тиешелүү. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү берген»,-деп жазылган.

Мурдагы бажычынын үйүнөн эч ким комментарий берген жок.

От admin