Ал “Синовак” препараты менен эмделген. Саламаттык сактоо министри кыргызстандыктарды ооруларды алдын алуу үчүн вакцинациядан өтүүгө чакырды.
“Кыргызстанда COVID-19 боюнча кырдаал туруктуу. Бирок ДССУ көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирус менен ооругандар көбөйгөндүктөн беткап тагынып, эмделүүгө үндөп жатат”, — деди министр.
Учурда өлкөдө коронавирустун биринчи дозасын 1,7 млн адам алса, үчүнчү дозасы менен 430 миңи эмделди.