Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов такталбаган туу илинип калганын билдирди.

“Моюнга алышыбыз керек, адегенде жаңы жыл бүтөрү менен, балким жакшы ниет, тилек менен жаңы жылды жаңы туу менен тосолу деген жагдайда толук такталбаган, кароодон өтө элек туу илинип бир топ ызы-чууну жаратып жиберди. Бул тууралуу да кийинчерээк кеп кылабыз. Бүгүнку туу Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, өкмөттүн токтому менен бардык параметрлери, түсү, узун-туурасы бекитилген”, — деди Касмамбетов.

Ал элди мындан ары туу темасын жаап, ынтымакта жашап, өлкөдө бийлик бар экенин унутпоого чакырды.

Булак: Спутник кж

От admin