“Муз үстүндөгү гүлдөр” сериалынын адабий сценарийин жазуу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендер Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган.

Кызматтын баасы 16,5 млн сомго бааланды. Сынактык арыздарды 27-декабрга чейин берүү зарыл.

Техникалык мүнөздөмөдө тасма 10 сериядан турат, ар бири 35-40 мүнөткө созулат деп жазылган.

От admin