КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, “Токмок шаарынын кароочусу” деп катталган — К.Э.Ж. жеке ишкерден 5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды.
УКМКбилдиргендей, К.Э.Ж. физикалык басым жасоо жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу аркылуу унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде (б.а. отметка) акча талап кылып алып турганы аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Э.Ж. 1 миң АКШ долларын талап кылып алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК жарандарды жана ишкерлерди К.Э.Ж.нын пара талап кылган башка фактылары боюнча УКМКга кайрылууга чакырат.

От admin