Баткен шаарындагы коомдук транспорттун айдоочусу сабактан жалаң беш алган окуучуларды бекер ташып жаткандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады.

«Атын Абдилашим деп тааныштырган айдоочу аганын автобусуна түшөрүм менен, ичиндеги Жаңы жылдык жасалгалары дароо көзгө жылуу көрүнүп,жакшы сезимдерди тартуулады. Анан эле окуучулар күндөлүгүн көрсөтүп, автобустун төрүнө өтүп жатышты. Көрсө, ар күн сайын (эки же үч сабактан болсо да) беш деген баа алган окуучуларды акысыз алып кетет экен.

Айдоочу бул аракетим балдардын кызыгуусун арттырып, мен автобус айдаган кварталдагы балдар арасында беш алууга умтулган,атаандашып жакшы окуган балдар көбөйүп жатат дейт» деп айтылат маалыматта.

От admin