Бүгүн, 18-декабрда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында Студенттик спектаклдердин эл аралык VIII “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземинде уюштуруучулар тарабынан фотозона, каармандар аллеясы уюштурулду.

Фестивалдын ачылыш аземин КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев ачып, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, аталган иш чарага Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан студенттер жана калыстар келген.

Фестиваль 2023-жылдын 18-декабрынан 21-декабрына чейин болот.

Бул саамалык КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети тарабынан уюштурулуп, өткөрүлүүдө.

От admin