“Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам же мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголушу кажет”, деп билдирди президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы сөзүн коомубуздагы аялдар жана балдар темасына бурду.

“Тилекке каршы, аялдарга жана балдарга карата зомбулук дүйнөдөгү көптөгөн коомдор туш болгон көйгөй болуп баратат. Бизде, Кыргызстанда да ушундай терс көрүнүштөр бар. Бул чектен чыккан көрүнүш, кабыл алынгыс жагдай.

Эзелтен эле энени, аялзатын урматтоо кыргыз элинин өзгөчөлүгү, маданий жана социалдык нормаларынын маанилүү бөлүгү болуп келген, мындан ары дагы болуп калышы керек! Адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, улуу муунга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессияга жана ырайымсыздыкка эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес! Аларды жектөө гана болот”, — деп президент Садыр Жапаров бул темага басым жасады.

От admin