Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду.

Маданият министрлиги билдиргендей, Екатеринбургда Заманбап драматургиянын «Коляда-Plays» эл аралык театр фестивалы аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан эки таланттуу актрисалар мыкты деп табылды:

— Аялдын мыкты ролун Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова алды;

— Экинчи пландагы эң мыкты актрисаны Марина Фальман алды.

Фестиваль 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн. Ага жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал драматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.

От admin