Брянск шаарынын №5 гимназиясында 14 жаштагы Алина аттуу окуучу кыз классташы 13 жаштагы Марияны өлтүрүүгө барган. Буга чейин кыздар ортосунда чыр чыккан. Маалыматты орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, азыр соттук-медициналык экспертиза кызматкерлери Алинанын тыюу салынган уюмдарга катыштыгы бар-жокпу, мындай кылмыштарга кызыкдарбы же жокпу деген суроолорду берүү үчүн анын социалдык тармактарын жана гаджеттерин текшерип жатышат.

Брянск шаарындагы гимназиядагы атышуудан эки адам каза болуп, бешөө жарадар болгонун саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов да билдирген: «Брянск шаарында болгон окуяда эки өспүрүм каза болуп, беш өспүрүм жабыркап, бардыгынын абалы орто оор абалда ооруканага жаткырылды. Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө», — деди ал.

От admin