Бишкекте 8-9-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтөт.
Кыргыз футболдук союзу билдиргендей, мелдешке 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнөт.
Оюндар эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.
Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлөт.
Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулат.