«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы Манас проспектисиндеги  Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы жол бордюрларын оңдоодо.

Бишкек мэриясы билдиргендей, жеринде темир торчолор орнотулуп, жылдырылган бордюрлар кайра ордуна коюлуп, бетондолот.
Жол боюндагы бордюрлардын бузулушунун себеби — унаа сүйүүчүлөрүнүн  этиятсыздыгы, бордюрларга көп урунган унаалар.
«Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Жол эрежелерин сактоону, шаардын чарба  кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону, жол инфраструктурасына аяр мамиле жасоону өтүнөбүз»,деп айтылат маалыматта.

От admin