Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Н.Р.Р. аттуу жараны 2022-жылдын март айында “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасы менен 115 га жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталды. Маалыматты УКМК билдирди.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.Р.Р. тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский а/а 80 гектар жана Семеновский а/а 35 гектар жер тилкесин пайдаланганы аныкталган. Ошол эле учурда Н.Р.Р. К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын (бодо мал, ж.б.) багып, аларды багуу үчүн тоют өстүрүп, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген.
Учурда КР УКМК тарабынан Ысык-Көл районундагы көрсөтүлгөн 115 гектар жер, “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын жери мамлекетке кайтарылып берилди.
КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

От admin