Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин билдирүүсүнө караганда, «Альфа Телеком» (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо».

«Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө», — деп жазылат маалымат катчынын билдирүүсүндө.

Буга чейин MEGA компаниясы аукционго коюлганы жана анын баштапкы баасы 14,6 миллиард сом (166 миллион доллар) экендиги маалымдалган. Кыргызстандагы эң ири уюлдук оператордун бири болгон MEGA компаниясынын 2,5 миллиондон ашык абоненти бар жана анда 1300дөй кызматкер иштейт. Аукцион 2-октябрда өтөт.

От admin