Казакстандын Түркстан облусунда жоголгон төрт жаштагы Айбар Бахттын сөөгү коңшу үйдүн септигинен табылды. Полициянын маалыматына караганда, ымыркайды үч күн бою издешкен.

«Баланын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлдү, зордук-зомбулуктун белгилери табылган жок», — деп айтылат Казакстан ИИМинин маалыматында.

Наристенин жоголгону тууралуу полицияга 1-декабрда жергиликтүү тургун кайрылган. Ал төрт жашар баласы ойногону короого чыгып, үйүнө кайтып келбегенин билдирген.

Дайынсыз жоголгон баланы издөөгө ИИМдин кызматкерлери, куткаруучулар, ыктыярчылар жана аскер кызматкерлери тартылган. Наристенин жеке маалыматы ЖМКларга жана социалдык тармактарга жарыяланган.

Жакынкы аймактарда тинтүү иштери жүргүзүлүп, кароосуз калган үйлөр, арыктар жана башка бала барышы мүмкүн болгон жерлер текшерилген.

От admin