Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, видеоконференц-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, ШКУнун эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборун Бишкек шаарында түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ШКУ ишмердигин жүргүзгөн жылдарында олуттуу ийгиликтерге жетишти жана дүйнөлүк экономиканын төрттөн бир бөлүгүн, Жер калкынын жарымына жакынын бириктирген кыйла таасирдүү субрегионалдык түзүмгө айланууда.

«ШКУнун конструктивдүү кызматташуу күн тартиби бар, ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы көптөгөн өлкөлөрдү өзүнө тартуу күчүнө ээ болуп баратат. Кыргызстан ШКУнун ишин жакшыртуу боюнча аракеттерди колдойт. Анын ишмердүүлүгү конкреттүү практикалык жыйынтыктарга, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүүгө, материалдык-техникалык потенциалды жогорулатууга жана инновациялык технологияларды киргизүүгө басым жасалып, ошолорго багытталышы керек, деп эсептейм. Уюмдун ишин жакшыртуу процессинде бардык тараптардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарыл», — деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Президент Уюмду мындан ары чыңдоо — Бишкекте ШКУнун Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча Кыргызстандын сунуштарына басым жасады. Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Чолпон-Ата шаарында бул маселе боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин консультациялары болуп өттү, анда кыргыз тарап сунушталган Борбордун жобосунун долбоорун жана түзүмүн көрсөтүп, тааныштырган.

Мамлекет башчысы бул демилгени ишке ашыруу аймактык коопсуздукту камсыз кылууга, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана транс чек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө байланышкан маселелер боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет, деп эсептейт

Коопсуздук маселелерине токтолуп, Садыр Жапаров афган көйгөйүн көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

«Кыргызстан үчүн, биздин досторубуз сыяктуу эле, Афганистандагы тынчтык жана туруктуулук — аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы артыкчылыктуу шарттардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасы ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр жана Афганистандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар. Ошол эле учурда Афганистандын ички иштерине кийлигишпөө принцибине берилгендигин белгилөө менен Кыргыз Республикасы Афган элинин тарыхый тажрыйбасынын, маданиятынын, каада-салттарынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн негизинде өз өлкөсүнүн келечегин аныктоо укугун сыйлайт», — деп президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

От admin