«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине жана «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Башкача айтканда, бул мыйзам долбоорун сунуштаган Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайларды жабууну сунуштап жатат.

Маалымдама-негиздеме (кыскартылды):

Мыйзам долбоору республиканын валюта рыногундагы натыйжалуулукту, бүтүндүктү жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Республиканын валюта рыногундагы учурдагы кырдаал бизге алмашуу бюролорунун иши маселесин көтөрүү жана өлкөнүн валюта рыногундагы иштин альтернативдүү варианттарын карап чыгуу зарылдыгын көрсөтүп турат.

Улуттук банкка отчет бербөө, туура эмес отчет берүү же отчетту толук бербөө, кассалык тартипти бузуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактабоо алмашуу бюролорунун ишинде негизги мыйзам бузуулар болуп саналат.

Алмашуу бюролору тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан мыйзам бузуулар Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларга карабастан туруктуу негизде улантылып жаткандыгын эске алуу менен, алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын реалдуу көлөмү отчетто чагылдырылгандан ондогон эсе ашып кетиши мүмкүн, ошону менен мындай көмүскө жүгүртүүдөн түшкөн кирешелер салык органдарына көрсөтүлгөн суммадан ондогон эсе ашып кетиши мүмкүн деп ишенимдүү айтууга болот.

Алмашуу бюролорунда орточо 3 адам иштейт, алмашуу бюролорунун системасында иштеген кызматкерлердин саны болжол менен 450дөн 1350гө чейин. Ал эми алмашуу бюролорунун айрым кызматкерлери менен эмгек келишимдеринин жана материалдык жоопкерчилик келишимдеринин жоктугу тастыкталган фактылар бар, бул банк мыйзамдарынын талаптарына таптакыр каршы келет. Мындан тышкары, көп учурда алмашуу бюролоруна бул ишке тиешеси жок адамдар жумушка алынат, ал эми кээде мындай адамдар тиешелүү уруксат документтери жок эле кассага кире алышат, бул албетте чоң тобокелдиктерди алып келет. Кызматкерлер менен эмгек макулдашууларынын жоктугу бюджетке салыктык түшүүлөрдүн жоктугуна гана эмес, ошондой эле мындай уюмдардын кызматкерлери катары жалпысынан республиканын жарандарынын маалыматтарынын толук корголбогондугуна алып келет.

Алмашуу бюролорунун милдеттүү патент үчүн салыктар боюнча төлөмдөрү 2019-жылы болжол менен 37 млн сомду түздү. Төлөнгөн салыктардын жүгүртүүлөргө жана алынган кирешелерге дал келбегендигине байланыштуу алмашуу бюролорун жоюу жана ички контролду жогорку деңгээлде жүзөгө ашырган тиешелүү уюмдарда бардык валюталык операцияларды жүзөгө ашыруу укугун берүү зарыл, бул өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык чегерүүлөргө да таасирин тийгизет.

2020-жылдын март айындагы окуяларды эске алганда, алмашуу бюролору өлкөдөгү окуяларга жана жалпы дүйнөлүк экономикалык кризиске байланыштуу белгисиздиктин жана толкундануунун кырдаалынан пайдаланып, коронавирус инфекциясынын жайылышы чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жогорулашын шарттады. Бул окуялар чет өлкө валютасынын улуттук валютага карата курсу негизсиз төмөн же негизсиз жогору болуусуна бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чараларды күчөтүү зарылчылыгы Улуттук банктын лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу субъекттеринин тизмесиндеги жеке адам же юридикалык жак формасындагы алмашуу бюролорун жоюу зарылдыгын алдын ала аныктайт.

Алмашуу бюролору тарабынан түзүлгөн жана жылытылган нак чет өлкө валютасынын рыногундагы ажиотаж калкта жана бизнес-структураларда жасалма девальвациялык күтүүлөрдү калыптандырууда. Натыйжада, улуттук валютадагы активдерди чет өлкөлүк валютадагы активдерге которууну активдештирүү башталат. Бул, өз кезегинде, алмашуу курсуна дагы көбүрөөк басым жасоого, сомдун баасынын түшүүсүнүн темпинин тездешине жана импорттолуучу инфляциянын өсүшүнө алып келет.

Бул өзгөртүүлөрдүн аркасында чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун олку-солкулугу жөнгө салынат. Мындай өзгөрүүлөр өлкөнүн валюта рыногунун улуттук коопсуздугуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугуна алып келет.

От admin