Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев;
— финансы министри Алмаз Бакетаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

От admin