Бишкекте “Элим, барсыңбы?!” коомдук фондунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын, КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, КР Маданият министрлигинин өкүлдөрү катышты.

“Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду 2008-жылы өлкөбүздөгү жакырчылыкты кыскартуу максатында жаш ишкерлер ассоциациясы тарабынан түзүлгөн.

Фонд калктын бардык муктаж топторуна жардам көрсөтүп, жагымдуу шарттарды түзүп келет. Ошондой эле, жардам бергендер менен жардамга муктаж болгондордун ортосунда ишенимдүү көпүрө болуп, Кыргызстанда кайрымдуулукту өнүктүрүү миссиясын аткарып келет.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору мэрдин атынан элдин социалдык аялуу катмарына көрсөткөн зор эмгеги жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, «Элим, барсыңбы» коомдук бирикмесинин төрагасы Айдар Кубанычбековичке  ардак грамота жана   фонддун кызматкерлерине ыраазычылык каттарын тапшырды.

Эске сала кетсек, “Элим, барсыңбы?!” фонду COVID-19 пандемиясы учурунда  Бишкек шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташып, социалдык мекемелерге жардам көрсөткөн.

От admin