Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, анда Депутат Дастан Жумабеков демилгечи депутат Улан Примовго суроо узатты:
«Сиз алмаштыруунун себебин айткан жоксуз да. Эмнеден келип чыкты? Сиз менен төрагага желектин эмнеси жакпай калды. Жакпай калган себеби?» — деп сурады депутат.
Ал ошондой эле күндүн нуру тик тиет дегенине физикалык далил сурады. «Силер маалыматты ошондой берип жатасыңар. Ошол үчүн суроо жаралды», — деди Жумабеков.
«Силерге жакпай калса деп айтып жатасыз. Бизге жакпай калды, анан өзгөртөбүз деп жаткан жокпуз. Ошону баса белгилейин», — деди демилгечи депутат.
“Ар бир көрүнүштү өзүбүздүн көз карашыбыз менен кабылдайбыз. Физикалык көрсөтмөлөргө таянып жаткан жокпуз. Тууну өзгөртүү физикалык далил же кандайдыр бир интерпретацияда талкулоочу иш эмес го деп эсептейбиз”, — деп жооп берди Улан Примов.
Депутат Дастан Жумабеков бул ар бир жарандын жүрөгүнөн өтө турган маселе экенин айтып, өзгөртүүнү колдогондор менен колдобогондорду салмактап алуу керек деп эсептейт.