Эки күндөн бери коомдо кызуу талкуу жаратып жаткан «матчество» маселеси боюнча журналист Олжобай Шакир социалдык тармакчасына өз оюн жазды:

«Могу Алтын кыз (Капалова) кайталангыс улуу инсандык өзгөчөлүккө ээ. Тентек. Шок. Жөн жүрбөйт. Анын аракеттери дайыма коомдук резонанс жаратат. Анткени ал чоң талант. Чоң интеллектуал. Чоң бузуку))) Бузукулук жагыбыз саал окшош.

Мээси катып калган жармач патриоттордун куйкасын куруштурган Алтышканы кечээтен бери туш-туштан талап атышат. Эркектер. Катындар да кажып атышат.

Анан мен бузуку бурчта шыкаалап жатат белем, өз пикиримди билдиргим бар. Маминтип: тынч жаткан жайлоо төрүндө караан көрүнсө эле алдыдан салпактап үрүп чыккан иттер болот. Келаткан караан мейманбы, уурубу, жөн эле жолоочубу — ит аны тааныбайт. Тынчы кетип үрө берет. Ажылдайт…

Улуттук каада-салт, нарк дегенди чала-чарпыт түшүнгөндөр да ажылдап, тынчы кеткен иттей ызылдайт. Талайт. Тиштейт. Үй ээси кой-ай дегенге болбойт. Ажылдаган ит эмнени коргоп, эмнеге тынчы кеткенин өзү деле түшүнбөйт.

Кечээтен бери улуттук ар-намысы ойгонуп кеткендердики деле ошол: Алтын Капалова уул-кыздарынын фамилиясын өзүнө каттаткан экен, улутчулдар улуп жатып калышты. Жер сабап. Асман жерге аңтарылып түшкөндөй чуулдашууда. Йе, жолуң болгурлар-а)))

Алтын карындашыбыз балдарын өз ысымына каттатып алганын эч кандай салттык, нарктык түшүнүккө байлап болбойт. Бул тек гана патриархалдык, феодалдык түшүнүктөгү чынжырдан бошоно албагандардын чуусу. Чынжырга байланган иттен бетер ажылдай бербей, мырзалык, жигиттик ар-намыс, ариет жөнүндө ойлонбогонубуздан келип чыккан эле маселе бул. Эркектер чочогу турганда мээлери иштебейт. Унутпагыла. Аялдын үстүнө чыгып өпөңдөйт да, басып кетет. А эртең көз жарган баланын тагдырына күйүп койбойт. Андай эркек сөрөйлөр четтен табылат. Баланын түйшүгүн, азабын тарткан эне кургурду анан эч нерсеге ээ кылбайбыз! Мүлк-байлыкты энчилесек да эркек балдарыбызга энчилейбиз. Ошол теңдикти ойлонбогон түркөйлүктү эми элдик нарк, элдик салтка байлагыңар барбы эй? «Элүү жылда эл жаңы» деген байыркы түшүнүк бүгүн 10-20 жылгы кыскарды. Коомдо 5-10 жыл ичинде эле канчалаган өзгөрүүлөр болууда? А биз дале патриархалдык, матриархалдык, феодалдык замандагы түшүнүктөрдөн алыстай албай келебиз. Кеп, Алтын Капалованын алдыга озуп кеткен акылынан артта калганыбызда…)))) девеле бузукулук кебиме чекит коёюн эми«,-деген ал.

От admin