Президент Садыр Жапаров бүгүн Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен Беларусь Республикасына жөнөп кетти.

Сессия Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтөт.

Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
— Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев;
— коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

От admin