Индиянын Анкуш Датта аттуу жашоочусу алдамчылыкка шектелип изделүүдө. Бул тууралуу Odditycentral басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, аталган жаран  Нью-Делидеги 5 жылдыздуу мейманкада 1 эле күнгө төлөп, 603 күн, тагураагы 2 жылдай жашаган.

Анкуш 2019-жылдын 30-майында атактуу Roseate House мейманканасынан бөлмө ээлеген. Ал эртеси кетиши керек болчу, бирок, тергөөчүлөрдүн айтымында, ал киши 2021-жылдын 22-январына чейин мейманканада тынымсыз жашап, бул убакыт аралыгында колдонгон турак-жай, тамак-аш, суусундуктар жана башка кызматтар үчүн төлөбөй турган.

Ал эми мейманкана ал үчүн олуттуу каржылык жоготууга учурады. Анкуш мейманканага 70 миң доллар (6,2 миллион рубль) карыз болгон.

Тергөөчүлөр ал кишинин баарын кантип жасаганын так аныктоого аракет кылып жатышат. Болжолу, кызматкерлердин бири менен тил табышып, ага акча берип койгон болушу мүмкүн.

Мейманкана жетекчилигинин айтымында, Анкоуш Дутта люкс мейманканада болуу мөөнөтүн узартуу үчүн ар кандай айла-амалдарга барган. Маселен, ал ар кайсы убакта үч чек төлөмүн жасап, анын баары четке кагылган.

От admin