Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн башкы NHK телерадиоберүү корпорациясына маек берди.
Өлкө башчысы маектин жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтык жана анын келечеги, ошондой эле башка эл аралык маселелер боюнча узатылган суроолорго жооп берди.
Садыр Жапаров 2022-жылы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленгендигин эске салды.
Маектин башында япониялык журналист Кансей Йокойама эки өлкө ортосундагы алакаларга жана биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорго кызыкты.
Буга чейинки өлкөлөр ортосундагы өз ара кызматташтык, жетишкендиктер жакшы эле болду. Эми мындан ары да кызматташтыкты чыңдап, бийик деңгээлге көтөрөбүз деген үмүтүм бар», — деген Садыр Жапаров, 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын алкагында бир топ биргелешкен долбоорлор өз жемишин берип жаткандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров үстүбуздөгү жылдын 17-20-ноябрь күндөрү Японияда расмий сапар менен болду. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы Япониянын императору Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин спикери Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Ошондой эле президенттин расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Алар:
 Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана баарын камтыган ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү;
 Кыргыз Республикасы менен Япониянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу;
 Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Гранттык жардам алууга багытталган макулдашуу;
 Кыргыз Республикасынын жана Япониянын юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
 Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
 «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы» мекемеси менен «Билим капиталы» ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (MoU).

От admin