Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
    жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:
    – 221-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
    “221. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, анын ичинде калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.”.

От admin