«МЭА» ААК «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлеринин жумуш шартын жакшыртуу үчүн эки автобус сатып алды. Маалыматты аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган автобустар мурун каттап жүргөн эски транспорт каражаттарынын ордуна каттамакчы.

«Манас» эл аралык аэропорту ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов автобустардын сапатын текшерип, аэропорттун кызматкерлери менен бирге жаңы транспорт каражатына түшүп бирге жол жүрдү. Эсиңиздерге салсак, аталган транспорт каражаттары «МЭА» ААК өз каражатына сатып алынды.

Жакынкы жылдарда жумушчулардын эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн инфраструктуралык жана техникалык базаны жаңылоо максат кылынууда. Манасбек Самидиновдун айтымында, башкы максат – Кыргыз Республикасынын аэропортторунда кызматкерлерге да, жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарттарды түзүү.

От admin