Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!
Катуу шамал учурунда:
— Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
— Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
— Көз айнек кийиңиз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

От admin