Бүгүн, ырчы айым жакында болуп өткөн тойлордо жалгыз жүргөнү, аялзатына тиешелүү баштап жаткан долбоорлору тууралуу өз дарегине айтылган суроолорго так жооп берип жатып, Нурлан Насип менен эмнеге ажырашкандыгын ачыктады.

«Нурланды жүдөтүп жибердиң. Үй-бүлөнү да кошо сүйрөй жүрүш керек го…»- деген окурманына ырчы айым «Үй-бүлөнү бир эле аял сактай албайт. Ажырашкан аялдардан сураңызчы дароо эле ушул чечимге келишиптирби? Баласы бар аял жүз жолу ойлонуп, жүз жолу өзүн-өзү сооротуп, алдап, бүт амалдарын көрөт. Аракети жокко чыкканда белди бууп жаңы жашоого багыт алат. Адамдардын оюн өзгөртө албайм. Мен баскан жолду басыңыз! Ошондо түшүнөсүз. Ал эми бирөөнү жаман дегенден алысмын. Ар бир адам бактылуу болсун! Ой жүгүртүүбүз, жашоого көз карашыбыз бөлөк экен. Ошол үчүн жолубуз эки айрылыш кетти»- деп жооп берген.

Эске сала кетсек, түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова 2018-жылы баш кошушкан.

От admin