Кургак учук коркунучтуу дарт, ага тиешелүү көңүл бурубаса, кесепети жаман болот.

Азыр аны аныктоонун жана дарылоонун жаны ыкмалары жана жолдору табылып, бейтаптарда аны жеңүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок буга чейинки көз караштар дале эл арасында кездешип келүүдө. Алардын айынан айрым бейтаптарда, дегеле элде бул ооруга карата туура эмес мамиле жасалып жатканы өкүнүчтүү. Эл, өзгөчө бейтаптар менен алардын жакындары толук маалыматка ээ болгондо гана ооруну дарылоо жеңил болот.

Төмөндө кургак учук оорусу тууралуу эл арасында жашап келе жаткан 10 миф тууралуу сөз кылмакчыбыз.

1-миф: Кургак учук менен жакыр же аз камсыз болгон адамдар гана ооруйт.

Бул туура эмес. Бай, бакубат, жакшы тамактанган жана өзүнө канааттанган адамдарда кургак учук болбойт деп айтуу туура эмес. Кохтун таякчасы адамдын социалдык абалына карабайт. Ал жакырларга да, байларга да жугат. Жашоонун жогорку темпи, маалыматтык басым, дарыланууга «убакыттын жетишсиздиги», туура эмес тамактануу – бул организмдин коргонуу жөндөмүнүн төмөндөшүнө алып келген жана оорунун өнүгүшүнө шарт түзгөн стресстик учурлар. Ооба, кургак учук, социалдык оору. Кургак учук – калктын жашоо образына, тамак-аштын сапатына түздөн-түз байланыштуу оору. Бирок ал байларга жукпайт деген туура эмес түшүнүк.

2-миф: Кургак учук менен ооруган адамдын буюмдарын кармап коюу оору жуктуруп алууга алып келет.

Бул туура эмес. Кургак учуктун козгогучу өпкө кургак учугунун активдүү түрү менен ооруган адамдан башка адамга жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, кыйкырганда, катуу сүйлөгөндө аба-тамчы жолу менен гана жугат. Анда да көп убакыт чогуу болгон учурда. Ал эми дүкөндө, транспортто ж.б. жерлерде ал кармаган ручканы, дептерди, акчаны, эшиктин туткасын ж.б. кармаганда оору жукпайт.

3-миф: Организмге Кох таякчасы кирсе, анда адам сөзсүз кургак учук менен ооруйт.

Бул туура эмес. Кох таякчасы киргендердин баары эле дароо ооруп калбайт. Кургак учук таякчасын жуктурган 100 адамдын ичинен 5-6 гана адам ооруйт, калгандары аны менен тынч эле жашап жүрө беришет. Алардын иммундук системасы кургак учук таякчасын узак убакыт бою көзөмөлдөп турат. Бирок, организмдин коргонуусу начарлаган учурда, кургак учуктун таякчалары көбөйүп, ооруну пайда кылышы мүмкүн. Ага тамак-аштын сапаты, тамеки чегүү жана спирт ичимдиктерин көп ичүү, башка оорулар (ВИЧ, кант диабети, лейкоз), стресс жю.б. таасир этет.

4-миф: Кургак учукту элдик ыкмалар менен айыктырса болот.

Бул таптакыр туура эмес. Бул көз караш кургак учукка каршы дары-дармектер жок кезде элдик ыкмаларды колдонгон учурдан бери келатат. Иттин, аюунун, кашкулактын майы жана эти, организмге кубат берип, иммундук системаны көтөрүшү мүмкүн, бирок кургак учукту толук дарылоого негиз болуп бере албайт. Андай ыкмалар оорунун, тескерисинче, оорлошуп кетишине өбөлгө түзөт. Курак учук ага каршы дары-дармектер менен гана айыгат.

5-миф: Кургак учуктан адамдын өпкөсү гана жабыркайт.

Бул туура эмес. Мунун чыгышына өпкөнүн кургак учугунун кеңири тарагандыгы  себеп болгон. Кургак учук адамдын бардык органдарын жана ткандарын жабыркатат. Мисалы, көз, сөөк, тери, заара-жыныс системасы, ичеги, мээ ж.б. Кургак учук менен ооруган бейтаптан жабыркаган жерине жараша микобактериялар тышкы чөйрөгө какырык (дем алуу органдарынын кургак учугунда), заң (ашказан-ичеги трактынын кургак учугунда), заара же урук (заара-жыныс системасынын кургак учугунда), сүт (сүт безинин кургак учугунда), этек кири (аялдардын жыныстык органдарынын кургак учугунда), көз жашы (көздүн кургак учугунда), жара, фистула менен (теринин кургак учугунда, лимфа түйүндөрүндө же сөөктөрдө) чыгат.

6-миф: Кургак учукт дарыланбайт.

Бул туура эмес. Чындыгында, азыр кургак учукту дарылоо натыйжалуу болуп калды, бирок ал кеминде 6 айга созулат. Бул микобактериялардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Бул бактериялардын көбөйүү процесси башка микроорганизмдерге салыштырмалуу өтө узак. Ошондуктан, жок кылуу үчүн бардык микобактерияларды жок эле дегенде, 6 ай бою үзгүлтүксүз дарылоо керек. Бирок дарылоо эрте жана өз убагында диагноз коюу менен эң ийгиликтүү экенин эстен чыгарбоо зарыл, анда 100 % айыгууга болот. Кеч жана толук эмес диагноз коюлганда, дарылоонун эффективдүүлүгү кескин төмөндөйт.

7-миф: Кургак учукту дарылоо өтө кымбат турат.

Бул туура эмес. Чындыгында кургак учукка каршы бардык дары-адрмектер саламаттык сактоо министрлиги тарабынан борборлоштурулуп сатып алынат, ошого жараша оорулуулар үчүн акысыз берилет. Чекене соода тармагында кургак учукка каршы дары-дармектер болбошу керек.

8-миф: Адам кургак учук менен өмүр бою жүрөт.

Бул туура эмес. Кургак учукка каршы терапиянын толук курсун өткөргөндөн кийин бейтаптар кеминде 2 жылга диспансердик каттоого алынып, байкоодо турат. Диспансерлөө мезгили оорунун клиникалык көрүнүшүнө жараша болот. Эгерде бул мезгилде оорунун көрүнүштөрү жок болсо, анда бейтап диспансердик каттоодон чыгарылат жана бардык чектөөлөр алынат.

9-миф: БЦЖ эмдөөсү кургак учуктан сактабайт, андыктан аны алып кереги жок.

Бул туура эмес. Албетте, учурда кургак учукка каршы эмдөө жок. Бирок балдарды БЦЖ менен эмдегенде, алар кургак учуктун жайылган, жалпыланган, кургак учук менингитинин оор формаларынан, дарыланганына карабастан өлүмгө алып келүүчү формалардан коргойт. Башкача айтканда, вакцина алуу баланын ооруга туруштук берүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет, туруктуулугун жогорулатат.

10-миф: Кургак учук менен ооруган адам башкалардан оолак болуусу керек.

Бул туура эмес. Оорулуу адам оорунун ачык түрү менен ооруган болсо, какырык менен абага бактерияларды бөлүп чыгарат. Ооба, ал учурда оолак болуусу шарт. Бирок стационарга жатып, дарыланып, оорусу жабык формага өткөндөн кийин ал айланага коркунучтуу болбой калат. Андай учурда аны башкалардан алыстатууга, оолактатууга жана андан коркууга негиз жок болот. Ал коомдо өзүн кадимкидей эркин алып жүрө алат.

Нурсултан САРДАРБЕКОВ

От admin