Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү каза болгон классташынын апасына үй куруп беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, жаңы турак үйдүн ачкычы Гүлмира Бутешовага Курман айт күнү, тактап айтканда 28-июнда тапшырылды.

«Айылыбыздын 1985-жылы туулган тургундары 20 жылдык маараке өткөрүүнүн ордуна маркум классташынын үйсүз калган апасына ак өргө тургузуп, бардык шартын камсыздап беришти. Айыл тургундар да четте калган жок. Жаш-кары дебей, жапа тырмак үй тургузууга өз салымдарын кошушту», — деп айтылат маалыматта

От admin