Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы Zam-Zam Qazaqstan компаниясы 120га жакын зыяратчыны алдап кеткени боюнча маалымат берди.

Күн мурун социалдык түйүндөргө Мекке шаарына барган казакстандык зыяратчылардын документтери туура эмес экени аныкталып, Сауд Арбиясынын бийлиги аларды атайын жайда кармап турганы тууралуу видеотасма жарыяланган.

Мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына караганда, мекеме буга чейин Zam-Zam Qazaqstan компаниясы ажылык менен алектене турган туристтик фирмалардын муфтият жарыялаган тизмесинде жок экенин эскертип, жарандарды бул компанияга кайрылбоого чакырган. Мындан тышкары муфтияттын өкүлдөрү аталган компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүү жана жетекчисин жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен укук коргоо органдарына арыз беришкен. Азырынча Казакстандын тиешелүү органдары текшерүү иштери башталган-башталбаганы боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Мусулмандар дин башкармалыгынан белгилешкендей, буга чейин Zam-Zam Qazaqstan компаниясынын өкүлдөрү муфтиятты ажылыкка квоталарды «саткан» деп айыпташкан.

Казакстандын Сауд Арабиясындагы башкы консулу Руслан Коспанов бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

«Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары Zam-Zam Qazaqstan менен байланыша алган эмес.

2021-жылы айрым ЖМКлар Zam-Zam Qazaqstan компаниясы «вакцина тууралуу жасалма паспорттор менен» зыяратчыларды Меккеги жөнөткөнүн кабарлашкан.

Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы быйыл ажылыкка 4 миң казакстандык барарын билдирген.

От admin