Ат жалында ойногон милиция кызматкери Уланбек Насакеев

Ата Мекенге, элине кызмат өтөө канчалык абройлуу жана сыймыктуу милдет экендигин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн ар бир милиционер жакшы билет. Жолдоштору менен кошо өлкөнүн аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту, элинин бейпил жашоосун камсыздап, кынтыксыз кызмат өтөп жүргөндөр бул-тартип сакчыларыбыз десек жаңылышпайбыз. Алардын бири Уланбек Насакеев. Учурда ал Бишкек ШИИБы боюнча МККБнын полкунун 5-ротасынын кавалериялык взводунун командири милициянын улук лейтенанты.
11 жылдан ашык Кыргыз милициясында кызмат өтөп жаткан кесиптешибиз Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. Ал эми аткарган кызматтык милдети башка милиционерлерден айырмаланып, ат жалында коомдук коопсуздукту камсыздайт. Тактап айтканда, Бишкек ШИИБы боюнча МККБнын полкунун 5-ротасынын кавалериялык взводунда кызмат өтөйт. Учурда ал бул взводдун командири. Ички иштер органдарына келгенден мурда дагы ат жалында ойноп, 2004-жылдан баштап Бөрүлү, Достук, Сары-Өзөн командаларынын курамында көк бөрү оюндарында күч сынашып келген. Ат анын жакын жана ишенимдүү досуна айлангандыктан, ар кандай ийгиликтерди да багындырды десек жаңылышпайбыз. Мисалы, көк бөрү оюну боюнча Кыргыз Республикасынын 6 жолку чемпиону, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун 4 жолку чемпиону болгон, ошондой эле, көп жолу “мыкты оюнчу” наамдарын алып келген. Милициянын улук лейтенанты Уланбек Насакеев Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери жана Кыргыз Республикасынын спортунун чебери.
Бала кезинен тартип сакчысы болууну кыялданган Уланбек Насакеев 2012-жылы ИИМдин Кавалериялык взводуна кызматка орношкон соң, Кыргыз милициясынын да намысын коргоп, спорттук иш-чараларгада катышып келүүдө.
Өмүрүн кыргыз милициясына арнаган кесиптешибизден кызматындагы, жылкы баласын багуудагы өзгөчөлүккө жана ИИМ тарабынан көрүлгөн камкордук тууралуу сураганыбызда, “Негизинен биздин кызматтын өзгөчөлүгү ат үстүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылганыбыз жана бул взводдогу ар бир кызматкерге унаа эмес, аттын бекитилип берилгени. Биз коомдук коопсуздукту сактоо максатында сейил бактарга кайгуулга чыгабыз, чет өлкөдөн келген конокторду тосуу, узатуу иш-чараларында, мамлекеттик резиденцияда өз милдеттербизди аткарабыз. Ар бир атты кароодо жоопкерчилик чоң. Бул аттарга ар бир кызматкер бекитилип, анын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалып, кандай гана иш-чара болбосун, күн сайын коомдук тартипти сактоого даярдап турабыз. Кызматыбызга күн сайын келип, өзүбүзгө бекитилген атты карап, тоютун берип, саламаттыгына көңүл бурабыз. ИИМ тарабынан дагы тиешелүү деңгээлде камкордук көрүлөт. Анткени бул аттар ИИМдин карамагында болгондуктан, тоюту, сарайы, башка керектелүүчү каражаттар менен бир жылга толук камсыздалып турат.
Белгилей кетсек, ИИМдин тутумундагы Кавалериялык взвод 1990-жылы 10-июнунда түзүлгөн. 2019-жылы Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирген. Учурда Кавалериялык взводдо 19 кызматтык ат бар. Ал эми кызматкерлер мурда атайын жөндөмүнө карата тандалып алынса, азыр Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын тутумуна кирип калгандыктан, аталган кызматка бекитилген жалпы сынактын негизинде тандоо менен алынат. Кызматтык аттардын аты, жылы жазылган атайын документтери дагы бар. Бекитилген документте аттын дарылоо, мөөнөтү менен кароо жүргүзүү иштери дыкат жазылып турат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

От admin