• Зарима саламатсыңбы? Өзүң жөнүндө айтып берсең, каяктын кызысын, канча жаштасын дегендей. ИИОнун катарына качан кабыл алынгансын?
    — Мен Жайсанбекова Зарима Жайсанбековна, 1985-жылы Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айылында туулганмын. 2004-жылы ИИМдин Академиясына тапшырганмын. 2009-жылы июль айында аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап, ошол айда Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү кызматына дайындалганмын, 2017-жылы ошол эле бөлүмдүн улук тескөөчүсү кызматына дайындалып, 2023-жылдын март айына чейин иштедим. 2023-жылдын март айында өз каалоом менен Баткен ОИИБдин Лейлек РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү кызматына дайындалып, 2023-жылдын июль айында ошол эле бөлүмдүн улук тескөөчүсү болуп дайындалып кызмат өтөп жүрөм.

-Аял кишиге милицияда иштеш түйшүк жаратпайбы?

Мен атамдын жана бир туугандарымдын жолун жолдоп, милиция кызматын тандаганмын. Өзүмдүн кичинекей кезимден эңсеген кесибиме жетип, кызмат өтөп келем. Аял кишиге милиция кызматында өтөгөн эч кандай кыйынчылыктарды жаратпайт. Анткени ар бир инсан өзү сүйгөн кесибинде иштеп жатканда үй-бүлөдө жана бир туугандар арасында колдоолор болуп турса, кыйынчылык жаралбайт. Атам, бир туугандарым дагы милицияда иштеп ардактуу эс алууга чыккандыктан, мени алар ар тараптан колдоп турат. Үй-бүлөдө үч баланын апасымын.

  • Ошончо чакырым алыстыктан Баткен жергесине, болгондо да, эң алыскы Лейлек жергесине келип иштегениңе эмне түрткү болду?
  • Мен өз каалоом менен Баткен облусунда иштөөнү каалагам. Чек ара аймактарында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча өз тажрыйбам менен бөлүшүп жана тажрыйбамды арттыруу максатында Баткен облусуна которулууну сурандым. Анткени чек ара аймактарындагы элдин турмушун, жашоо-шартын өз көзүм менен көрүп билгим келди. Тагдыр насип болуп бош орун Лейлек районунда болуп калып, ушул жакта иштеп калдым.
  • Борбор менен Лейлекте жашоодо, жумушта айырмачылыктар бар бекен?
  • Эки жакта да иштөө тартиби мага өзгөрүүсүз болуп сезилди, анткени бир эле буйрук менен иштейбизда. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө, алардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу оор түйшүк. Анын үстүнө азыркы убакта жаш өспүрүмдөр катышкан же аларга карата жасалган кылмыштар бат эле социалдык тармактарда жайылып, коомчулуктун көңүлүн бурууда. Ошондуктан бул тармакта кылдат болууну кол астымдагы кызматкерлерге да түшүндүрөм.
    Ал эми жашоо-шартка токтоло кетсем, Лейлек районунда ар улуттун өкүлдөрү жашагандыгына карабастан, эч кандай жашоо шарттарга терс көрүнүштөрдү жаратпайт экен. Элдин милицияга болгон ишеними жогору, мен ушуну бааладым. Ал эми, милиция кызматкерлеринин жергиликтүү тургундарга болгон мамилеси сылык болгондуктан, милиция кызматкерлери кадыр-барктуу болуп эсептелинет экен.
  • Маегиңизге рахмат Зарима айым. Иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз.
  • Рахмат сиздерге да. Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

От admin