Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган КР Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам 2023-жылдын 18-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Макулдашуу Кытай Эл Республикасында кыргыз маданий борборун түзүүнү жана Кыргыз Республикасында кытай маданий борборун түзүүнү караштырат.
Көп улуттуу региондогу улуттук-маданий борборлордун өз ара аракеттенүүсү улуттук маданиятты жайылтуунун эң натыйжалуу куралы болот, анткени маданий борборлордун линиясы боюнча эки тараптуу алмашуу бир катар өзгөчөлүктөргө ээ, алар биринчи кезекте өз маданиятын пропагандалоо жана чет өлкөлөрдө өлкөнүн позитивдүү образын түзүү менен байланышкан.

От admin