“Манас” эл аралык аэропортунан Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цянды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Андан соң, өлкөгө расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цянды расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.
Расмий тосуп алуу аземине карата “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди.
Акылбек Жапаров менен Ли Цян бири-бири менен учурашкандан соң, Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин тараптар тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.
Андан кийин Акылбек Жапаров жана Ли Цян өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды.
Белгилей кетсек, Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөт, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.
Ошондой эле, жогорку даражадагы конок Ли Цян үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

От admin