Президент Садыр Жапаров бүгүн Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагы – өлкөнүн бирдиктүү транспорттук тутумунун жана өндүрүштүк инфратүзүмүнүн маанилүү бөлүгү. Анын туруктуулугу менен натыйжалуулугу экономиканын өсүшүн, калктын жашоо деңгээлин жакшыртуунун зарыл шарты болуп эсептелет.
Асман тиреген тоолор менен курчалган Кыргызстан үчүн автомобиль транспортунун жашоо-тиричиликтеги ролу баа жеткис.
Чоң-чоң стратегиялык маанидеги жолдор менен эл аралык талаптарга жооп берген трассаларды салуу максатын көздөгөн мамлекет бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, өлкө жолдорун оңдоо жана куруу үчүн казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйттү.
Буга чейин жолдор насыяга, чет элдик компаниялардын жардамы менен салынып келсе, эми өлкө жолдорун курууга ата мекендик ишканалар тартыла баштады. Жолдорду оңдоо жана куруу үчүн жана эбак эскилиги жетип, жарактан чыккан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык базасын жаңылоо үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 700гө чукул жаңы техника сатып алуу пландалып, анын 298и алынып келинди.
Стратегиялык маанидеги жолдорду салуу менен өнүккөн жол транспорт тутумун түзүп, бара-бара транзиттик өлкөгө айлануудабыз.
Жолчулардын талыкпас эмгеги менен узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң “Көк-Арт” тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан туташтырылышы аяктап, Бишкек-Ош унаа жолунда көчкүдөн коргоо галереясы да пайдаланууга берилип отурат.
Жол кызматкерлери авиация тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошуу менен каттамдарды калыбына келтирүү, тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында “Нарын”, “Казарман”, “Талас”, “Жалал-Абад” жана “Кербен” аэропортторунун учуу-конуу тилкелерине асфальт төшөдү.
Жогоруда тизмектелген иштердин аркасында автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын күжүрмөн кызматкерлери турат.
Учурдан пайдаланып, сүйгөн кесибине өмүрүнүн кырчын курагын арнап, мол тажрыйба топтоо менен өз ишинин кесипкөйү катары мыкты адис-шакирттерди тарбиялап өстүрүп, тармактын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп келаткан ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем.
Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери, сиздердин тыным албаган эмгегиңиздердин натыйжасында Кыргызстан эли жакынкы келечекте мезгилдин талабына жооп берген заңгыраган заманбап жолдор менен транспорттук сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө ээ болоруна бекем ишенем.
Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш каалайм.
Ишиңиздер ийгиликтүү болсун!”.

От admin