Бишкек троллейбус башкармалыгы Автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата “Мыкты айдоочу” сынагын өткөрдү.

Бишкек мэриясы билдиргендей, жалпысынан сынакка тандалып алынган 16 троллейбус айдоочусу катышып, алардын ичинен 6 айдоочу финалдык баскычка чейин жетти.

Сынактын биринчи бөлүгүндө айдоочулар жол эрежелери жана троллейбустардын техникалык түзүлүшү боюнча экзамен тапшырышты, ал эми экинчи бөлүгүнө ийгиликтүү өткөн айдоочулар өз өнөрлөрүн троллейбусттун рулунда көргөзүштү.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 2023- жылдын «Мыкты айдоочусу» болуп №4 троллейбустун айдоочусу Кубанычбек уулу Эдил аныкталды. Ал эми экинчи оорунду №7 каттамдын айдоочусу Токтогазиева Гүлнүр жана үчүнчү оорунду №11каттамдын айдоочусу Байматов Кубаныч ээледи.

Сынактын максаты — жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу, айдоочулардын өз кесибин сүйүү, ишенип берилген техникага, жүргүнчүлөргө болгон сый мамилени күчөтүү болуп саналат.

От admin