Бул макала Кыргыз милициясынын ардагерлер уюмунун түзүлгөн күнүнө карата даярдалды.
2023-жылдын 9-майында милициянын генерал-майору Токтожума Жээналиев (1933-2023) 90 жашка толмок. Ал даңктуу жана түйшүктүү өмүр сүрүү менен кырк жылдан ашык жашоосун Кыргыз милициясында кынтыксыз кызмат өтөөгө арнады. Тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлерди да даярдоого жетишип, республикадагы коомдук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөөгө зор салымын кошуп, сүйүктүү жубайы менен бирге бекем үй-бүлөнү курду. Анын балдары жана неберелерида милициянын династиясын түптөшүп, атанын уулу болуу кандай ардактуу экендигин татыктуу көрсөтө алышты.
Мага ушундай мыкты, дүйнө таанымы терең инсан менен бир нече жыл эмгектенүү, анын кызматтык өсүшүнө тагдырлаш болуу буйруптур. Мен окурмандарга 1958-жылы 10-майда ИИМдин “Милициянын кызматкери” гезитинде (Терезедеги көпкө чейин жанып турган жарык) жарык көргөн макаланын каарманы тууралуу баяндагым келип турат. Ал учурда мен дагы жаш кабарчы болгондуктан, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш милициянын аймактык тескөөчүсү, милициянын сержанты Токтожума Жээналиевдин түйшүктүү жана сыймыктуу иши суктандырып, ал жөнүндө макала жазууга кызыктар болуп калгам.
Мага курдаш, оптимист, сөзмөр маектеш мыйзамды түп-тамырынан жакшы билген, тажрыйбалуу, эмгекчил жана өжөр адамдай элес калтырды. Ошол учурда сержант Нарын шаарындагы жалгыз мейманкананын биринчи кабатындагы өзүнүн иш бөлмөсүн жасап, бейбаштар, жабырлануучулар менен териштирүү иштерин жүргүзүп, элдик кошуундарды негиздеп, арыз-даттанууларды карап, кармоонун протоколдорун толтуруп жүргөн. Узак убакыт бою, түн ортосуна чейин милициянын аймактык тескөөчүсүнүн иш бөлмөсүнүн терезесинен жарык өчпөй турду. Анда мен өз макаламда Токтожума Жээналиев мындан ары да өз жашоосун максаттуу ойлонуу менен курууга умтулуп, эч тайманбастан алдыга аттанып, убакытты үнөмдөп, иш күнүндө мүмкүн болушунча пайдалуу иштерди бүтүрүүгө жетишсе, анда ал өзүнүн кызматында көптөгөн ийгиликтерге жетери шексиз деген ишенимди билдиргем. “Талбас эмгек-тоодой тоскоолдукту жеңет”- дегендей, мен айткандай болду. Кызматтык тепкичтен тартип сакчысы Жээналиев өзүнүн эмгекчилдиги, өжөрдүгү, чечкиндүүлүгү жана адамдарга болгон сыйчылдыгы менен көтөрүлдү десем жаңылышпайм.
Анын басып өткөн өмүр жолуна баш бага турган болсок, 1933-жылдын 9-майында Нарын облусунун Тогу-Торо районунун Арал айылында айыл-чарба менен алектенген үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Ал орто мектепти, Жалал-Абад мугалим институтун (1954), СССРдин ИИМнин жогорку мектебин (1966) Москвадагы жетекчилердин академиялык курсун аяктаган. Нарында катардагы милиционер, милициянын аймактык тсекөөчүсү (1958-62), Нарын облустук саясий комитетинин ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, Ак-Талаа РИИБдин Тогуз-Торо кылмыш иликтөөнүн улук ыкчам кызматкери (1962-64), Жумгал, Ак-Талаа райондорунун ИИБдин, Нарын ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы (1964-75), Нарын облустук саясий комитетинин ИИБдин башчысы (1976-87) болуп кызмат өтөгөн. Токтожума Жээналиев 1987-жылдан 1995-жылга чейин ИИМдин кадрларды даярдоо республикалык окуу борборун жетектеген. Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин социалдык психология кафедрасында бир жыл иштеген. Пенсияга 1996-жылы кеткен. 2022-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, министрдин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагерлери менен иштөө боюнча жардамчысы кызматына бекитилген. “Көптү көргөн көсөм болот”- демекчи, анын демилгеси менен бардык ички иштер бөлүктөрүндө ардагерлердин тармактык жана аймактык бөлүмдөрү түзүлүп, насаатчылардын жыйындары, ардагерлер уюмдарынын иши боюнча сынактар, мектептерди жетекчиликке алуу, КМШ өлкөлөрүнүн ИИМдин ардагерлери менен биргеликте аскердик даңк болгон жерлерге унаа жүрүштөрү өткөрүлүп, кызматтык милдеттерин аткарууда баатырларча курман болгон кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу жана эскерүү максатында иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлө баштаган. Республикада укук тартибин чыңдоодогу, ички иштер органдарынын жогорку квалификациялуу кадрларын даярдоодогу зор эмгектери үчүн Токтожума Жээналиев Эмгек Кызыл Туу (1977), 3-даражадагы «Манас» ордендери жана 12 жолу ведомстволук медалдар менен сыйланган. Ага «Милициянын отличниги» (1963), “СССР ИИМнин эмгек сиңирген кызматкери” (1974), «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» (1994), «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» (2002) ардактуу наамдары, ал эми 1984-жыл өмүрүндөгү эсте каларлык жыл болуп, ага милициянын генерал-майору деген жогорку наам ыйгарылган. 2003-жылдын 2-майында Нарын областтык кеңешинин сессиясы Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарып, жердештеринин өтүнүчү менен анын аты-жөнү Оттук айылындагы айылдык милиция бөлүмчөсүнө, Казарман айылындагы жана өзү туулуп-өскөн Арал айылындагы көчөлөргө коюлган. Жакында эле Нарын ОИИБдин мекемесиинин алдына анын бюстун коюу чечими чыккан. Токтожума Жээналиев 2017-жылдын 18-апрелинде бул дүйнө менен кош айтышкан.
“Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” дегендей, атанын жана чоң атасынын өрнөктүү жолун улап, Токтожума Жээналиевдин балдары менен неберелери да кыргыз эли үчүн татыктуу кызматын өтөп жатышат. Улуу баласы Нурлан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган соң, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасында тергөөчү, республиканын Башкы прокурорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Өкмөтүнүн бөлүмдөрүн башкарган. 2012-жылдан баштап Нурлан Токтожумаевич “ГрандПрофи” ЖЧКсын жетектеп келет. Ардагер генералдын кызы Гүльмайрам 39 жылдык өмүрүн республиканын ички иштер органдарына кызмат өтөөгө арнап, катардагы милиционеринен баштап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин музейинин башкы адисине чейин жолду басып өткөн. Бул мезейди курууну Токтожума Жээналиев демилгелеп, ошол учурда министр болуп турган, учурдагы ЖКнын депутаты милициянын генерал-лейтенанты Б.Ж.Субанбековдун колдоосу менен ишке ашкан. Т. Жээналиевдин кичүү улуу Нурбек ИИМдин Академиясын аяктап, кылмыш иликтөөнүн ыкчам кызматтарында иштеген. Азыркы учурда “Манас” аэропортунун күзөт кызматын жетектейт. Ал эми неберелери Аида, Чынгыз, Бакыт, Санжар жогорку юридикалык билим алышып, учурда ИИМдин, УКМКнын тутумунда кызмат өтөшөт. Өмүрү өрнөк инсандын ысымы өчпөй, кадыры кетпей, ал түптөп кеткен жол менен учурда балдары менен неберели келе жатат. Жашоо уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

От admin