Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Дипломатиялык кызматтын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын 32 жылдык мезгилинде дипломатиялык кызматтын ролу жөн гана артпастан, ал өлкөбүздүн тышкы саясат мекемесинин ар бир кызматкеринин кошкон зор салымынан жана ишине берилгендигинен улам, артыкчылыктуу багытка айланды.
Дүйнөдө жүрүп жаткан геосаясий жана аскердик-саясий процесстер эл аралык коопсуздукка, туруктуулукка келтирген глобалдык коркунучтар менен чакырыктарды күчөттү, дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрүн кескин курчутту.
Дипломатиялык кызмат органдарынын бир максатты көздөгөн, жигердүү, прагматикалык ишмердиги өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн чечимдерди кабыл алууда жана тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүүдө ийгиликтерди алып келүүдө.
Дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, өз ишине берилгендиги жана мекенчилдиги – бул улуттук кызыкчылыктарды коргоонун, улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун жана тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруунун негизи.
Урматтуу дипломаттар!
Биз Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде белгиленген максаттарга, күтүлгөн натыйжаларга жетүүнү жана аларды жүзөгө ашырууну улантабыз. Мындан улам, сиздердин толук колдооңуздарга, кесипкөйлүгүңүздөргө жана мекенчилдигиңиздерге ишеним артам.
Мамлекетибиз үчүн маанилүү болгон тышкы саясий иш-чараларды өткөрүүдөгү жоопкерчилигиңиздер, креативдүү сунуш-пикирлериңиздер үчүн, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын бекемдөө, Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелерин илгерилетүү жана чет өлкөлөрдө биздин жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы натыйжалуу ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана кесиптик ишмердигиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм”.

От admin