2024-жылы «социалдык келишим» долбоорунун алкагында 20 миң үй-бүлөгө жардам берилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «социалдык келишимдин» өлчөмү өзгөрүлбөйт, башкача айтканда 100 миң сомду гана түзөт.
Мындан тышкары, «социалдык келишимдин» негизинде өз ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзгөн үй-бүлөлөргө кошумча стимулдаштыруу жана жеке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында Социалдык контракттын катышуучуларынын ичинен ишкерлигин далилдеп, салык төлөмдөрүн жүргүзгөн катышуучуларга мамлекеттик банктар тарабынан 200 миң сом өлчөмүнө чейин пайызсыз, кайтарымдуу насыя берүүнүн долбоору каралууда.
Белгилей кетсек, 2022-жылы республика боюнча 2800 жакыр жана аз камыз үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан өз ишкерлигин жүргүзүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилген, алардын 99,6% ийгиликтүү ишин жүргүзгөндүктөн, 2023-жылы 10 000 жакыр жана аз камсыз үй-бүлөгө социалдык контракт каралып, долбоордун ийгиликтүүлүгү байкалууда.

От admin