Социалдык тармактарда талкуу жараткан Ormon Hayyam аттуу сурөтчү кызыл түстөгү элечекке окшош баш кийим кийген, темеки чеккен жана ич кийимчен кыздын сүрөтүн тартып киргизген. Бул сүрөт кызуу талкууга алынып, нааразычылык жаратты.

Сүрөттүн автору менен Sokol.media сайты байланышканда ал «Мен жөн гана илхом келип тартып койгом. Моника деп аталат сүрөт. Башындагы баш кийим элечек эмес. Элечек деген ак түстө болот да. Мынча талкуу жаратат деп ойлогон эмесмин. Шылдыңдоо оюмда жок болчу» деген.

От admin