Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. ири өлчөмдө пара алгандыгы үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Маалыматты УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.
Мурда маалым болгондой, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган.
Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. көрсөтүлгөн жашы жете элек баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алган фактысы аныкталган.
Кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардан акча каражаттарын алуу боюнча белгиленген коррупциялык схеманын далилдөө базасын бекемдөө максатында бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында, 2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А., ошондой эле адвокат Ы.К.М. камакка алынды.
Учурда сот тутумунун арасында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

От admin