Red Petroleum компаниясынан 2023-жылдын 19-октябрынан тартып Red Petroleum май куюучу станциялар тармагы “Досторуңузду RedPayге чакырыңыз” деген чоң акцияны ишке киргизди. Бул мобилдик тиркеменин азыркы жана жаңы колдонуучулары үчүн RedPay’ге досторун чакырып, ар бир жаңы кардар үчүн 1 литр күйүүчү май түрүндө бонус алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
 RedPay деген эмне?
 RedPay бул Red Petroleum май куюучу станциялар тармагынын айдоочулары үчүн мобилдик тиркеме, анын жардамы менен сиз заматта арзандатууларды, кэшбэктерди алып, акцияларга жана лотереяларга катыша аласыз.
Кантип «Досторду RedPayге чакыр» акциясынын катышуучусу болууга болот?
App Store же Google Play’ден RedPay мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз же жаңыртып, каттоодон өтсөңүз, сиз автоматтык түрдө Red Petroleum акциясынын катышуучусу болосуз.
Кантип бекер литрлеп күйүүчү май алууга болот?
 Промокодуңузду досторуңуз менен мессенджерлерде же социалдык тармактарда бөлүшүңүз. Эгер досуңуз промокодуңузду колдонуп ийгиликтүү катталса, ар бириңиздерге 1 литрден каалаган күйүүчү май белекке берилет.
RedPayде бекер литрлерди кантип колдонсо болот?
Тапкан литрлерди RedPay тиркемесинде колдонуу үчүн керектүү литр санын тандап, андан соң каалаган Red Petroleum май куюучу станциясында штрих-кодуңузду операторго көрсөтүшүңүз керек. Ар бир бонус катары берилген литрди алуу үчүн 5 төлөнүүчү күйүүчү май сатып алуу керек.  Мисалы, сиз 3 литр бонус топтосоңуз, аны алуу үчүн 15 литрден кем эмес күйүүчү май сатып алышыңыз керек болот.
Канча досуңузду чакыра аласыз?
Катышуучуларды чакырууга эч кандай чектөөлөр жок. Канчалык көп досуңуз промокодуңузду колдонуп катталса, ошончолук акысыз күйүүчү май аласыз! Жана эсиңизде болсун: сиз чакырган досуңуз да бекер бонус литр алат! RedPay колдонмосунда промокод менен бөлүшүңүз жана бекер литрлерди топтоңуз! Акциянын мөөнөтү чектелген. Толук маалымат RedPay тиркемесинде, ошондой эле redpetroleum.kg сайтында.

От admin