2023-жылдын 18-октябрында КР Юстиция министрлигине караштуу
ЖАКтын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде оңдоо-түзөө иштери
жүргүзүлгөн объекттердин салтанаттуу ачуу аземи болду.
Иш-чарага Жаза аткаруу кызматынын төрагасы генерал-майор Аскат
Эгембердиев Юстиция министринин орун басары Сыдыков Орозбек, ЕККУнун
Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Рогов Алексей, “Укук”
мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү жана санариптештирүү багытындагы адистери
катышышты.
Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин мөөнөттүү аскер
кызматчыларынын кызмат шарттарын жакшыртуу максатында ашкана толугу менен
оңдоп түзөөдөн өтүп, тамак даярдоочу заманбап ашкана шаймандары менен
жабдылып, аскер кызматкерлерине шарттар түзүлдү. Жаңыртылган ашканада
учурдун талабына жана санитардык ченемдерге жооп берүүчү жабдуулар
орнотулуп, июль айынын башынан оңдоло баштаган ашкана бүгүнкү күндө толугу
менен колдонууга берилди.
Ошондой эле, электр зымдары жана жарык берүүчү каражаттар жаңыртылды,
жаңы сантехникалык тутумдар орнотулду.
Мындан тышкары Департаменттин көзөмөлдөп-өткөрүү жайы (КӨЖ)
капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ал жерде орнотулган видеобайкоо системасы
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан каржыланды.
Аталган имараттар кызмат-тиричиликке ыңгайлаштырылган жогорку
сапаттагы жабдуулар, эмеректер, оргтехникалар менен жабдылды.
Бардык оңдоо-куруу иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке
ашырылды.
Иш-чаранын соңунда КР Башкы прокуратурасына караштуу «Укук»
мамлекеттик мекемеси иштеп чыккан Кайтаруу жана күзөтүү департаментин
санариптештирүү боюнча долбоор көрсөтүлдү.

Маалымат: Ашкананын имараты 1999-жылы курулган. 30 жыл аралыгында
тамак-аш даярдоочу жана тамактануучу жай капиталдык оңдоодон өткөн эмес
жана технологиялык жабдуулар жаңыртылган эмес.

От admin