5-17-октябрга чейин Стамбулда аба каттамдарын өнүктүрүү боюнча 28-Дүйнөлүк «World Routes Forum 2023» форуму өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 250 чукул алдыңкы байланыш операторлору катышышты. Маалыматты аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» аэропортунан «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, аткаруучу директор Мирлан Кубаталиев, Коммерциялык директор Тимур Аралбаев, авиациялык коммерция бөлүмүнүн жана маркетинг бөлүмүнүн өкүлдөрү катышышты.

Routes дүйнөлүк форумy- аэропорттордун, авиакомпаниялардын, инвесторлордун, эл аралык жана аймактык ассоциациялардын, туристтик уюмдардын жана журналисттердин өкүлдөрү катышкан дүйнөдөгү эң алдыңкы авиация иш-чараларынын бири болуп саналат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен «МЭК» ААК гана бул форумга катышканын белгилейбиз. «World Routes Forum 2023» катышуу менен биз чет өлкөлүк авиа компаниялар менен карым-катнашыбызды бекемдеп, эл аралык аренада позициябызды, аэропортубузду таанытууга өбөлгө түзүүдөбуз. Мындан тышкары Прага, Сиань, Чэнду, БАЭ, Иордания, Түркия жана Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн аэропортторунун өкүлдөрү менен биргелешкен аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү», — деди «МЭК» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

120 өлкөдөн болжол менен 3000 адам Routes форумуна делегат катары катышышты жана көргөзмлөргө жана конференцияларга 110 өлкөдөн 300дөн ашык авиакомпанияны, 700 аэропорт, 130 туристтик агенттикти, 10 эл аралык өнөр жай уюмун, 150 жеткирүүчүлөрдү жана 60 тармактык медиа катыштырып бириктире алды.

От admin