/Сокол Медиа/ — Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун машыктыруучусу Майрамбек Ахмедов президент тарабынан сыйлык бериле турган адамдардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысы спортчуларды сыйлоо аземин өткөрөт, бирок сыйлыктарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү Ахмедовду тизмеден чыгарышкан.
«Ушул адамдын аркасы менен спортчулар дүйнө чемпиону, Азия чемпиону деген наамдарды алып жатышат. Майрамбек Ахмедовдун мамлекетке сиңирген эмгеги эбегейсиз. Ал спортчулардын кыргыз туусун эл аралык деңгээлде көтөрүшүнө салым кошкон. Комиссия буга чейин сыйлык алганын айтып, тизмеден чыгарып салышты», — деди Тазабек Икрамов.
Депутат комиссиянын чечимин карап чыгуу боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абыловго протоколдук тапшырма берди. Ошондой эле Икрамов Акжол Махмудов өзүнүн машыктыруучусунун эмгеги бааланбаса, ага эч кандай сыйлыктын кереги жок экенин айтканын билдирди.