Мурда маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан көрүлгөн сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. кармалды, ошондой эле ортомчулар катары иш алып барышкан судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды.
Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды, айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. катышкандыгы такталды.
Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына камака алынды.
2023-жылдын 5-сентябрында КР УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, КР Башкы прокурору аталган судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

От admin