Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам 2023-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын милдети мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүүдө да, муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке ажыратууда да бир түрдүү жол-жобону түзүү болуп саналат.

Кабыл алынган Мыйзам муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке ажыратууда жергиликтүү кеңештердин пикирлерин эске алуу максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган Мыйзамда муниципалдык менчикте турган мүлктү мамлекеттик менчикке ажыратуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен акысыз жүргүзүлө турган ченемдер киргизилген.

От admin