34 окуду

/Сокол Медиа/ — Бишкектеги Калыс-ордо конушунда калктын аярлуу катмары үчүн социалдык шаарча курулуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган шаарчанын курулушу шаар мэриясы мурда меморандумга кол койгон «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө.

Жалпысынан калктын социалдык аялуу катмары үчүн 30 турак-жай имараты жана 7 гектар аянтка ФАП (ВАП) курулат. Учурда ФАПтын жана 13 турак жайдын пайдубалы куюлуп, жети үйдүн чатыры төшөлдү. Андан сырткары алты үйгө кирпичтен дубал төшөлүүдө.

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Текстти көчүрүп алууга болбойт