Талас облусунун аймагындагы Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна суу берүү башталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин маалымат каражаттары Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго шилтеме берип жазышты.

Казакстан менен Кыргызстандын акыркы өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны Акылбек Жапаров менен Алихан Смаиловдун катышуусунда Тараз шаарында сентябрдын аягында өткөн. Анын жүрүшүндө тараптар Киров суу сактагычынан суу берүүнү калыбына келтирүү жаатында макулдашууга жетишкен.

«Биз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, Киров суу сактагычын ачуу боюнча учурдагы шарттарды макулдаштык. Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу Жамбыл облусунун суу сактагычына топтолуп жатат», — деп билдирди Нуржигитов.

Ал акыркы эки айда Казакстанга суу келбей калганын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Киров суу сактагычынын башчысы Шыгай Момуналиев буга чейин «Азаттыкка» августтун этегинде суу сактагычта болгону 10-14 млн куб суу бар экенин айткан. Бул 2022-жылга салыштырганда 10 эсеге аз. Былтыр августта бассейинде 100 млн куб суу топтолгон.

1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн метр куб суу батат. Расмий маалыматка караганда, суу сактагычта суу эң көп топтолгон убак 2016-жылга туш келип, анда 500 миллиондон ашык метр куб суу топтолгон. Киров суу сактагычына топтолгон жалпы суунун дээрлик 80% Казакстанга кетет.

Таластын Манас району суунун 20 пайызын гана колдонот. Казакстан сууну алганы үчүн кенемте катары Киров суу сактагычын жыл сайын ремонтоп, оңдоо иштерин жүргүзөт.

От admin